Вторник, 26 ноября

Түркия Эл аралык сотто Израилге каршы ачылган геноцид доосуна кошулду

0

Түркия Эл аралык адилет сотуна Израилге каршы геноцид доосуна кошулуу билдирүүсүн сотко сунуштады.

Түркиянын Гаага элчиси Селчук Үнал жана Түркия Улуу Улуттук Парламентинин депутаттарынан турган делегация Түркиянын кошулуу билдирүүсүн бүгүн Эл аралык соттун катчылыгына билдирди.

Ушундайча Түркия  Никарагуа, Колумбия, Ливия, Мексика, Палестина жана Испаниядан кийин Эл аралык адилет сотунда Түштүк Африка менен Израилдин ортосундагы геноцид доосуна тиешеси бар экенин жарыялаган жетинчи өлкө болду.

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Нуман Куртулмуш темага байланыштуу билдирүүсүндө: «Израилдин геноцид кылмышы үчүн эл аралык соттордо соттолушу жана кылган геноцииди  үчүн Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана  бандасынын ылайык болгон эң оор жазаны алышы үчүн ишибизди улантабыз», — деди.

Бул тууралуу социалдык медиа эсебинен билдирүү жасаган тышкы иштер министри Хакан Фидан : «Кылмыштарынын жазасыз калышынан күч алган  Израиль күн сайын дагы көп  бейкүнөө палестиналыктарды өлтүрүүдө. Геноцидди токтотуу үчүн эл аралык коом өзүнө түшкөн милдетти аткарышы керек.  Израиль жана анын колдоочуларына кысым жасоо керек. Түркия  бул жолдо  колунан келген бардык аракетти көрсөтөт»,- деди.

Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы жана төрага орун басары Өмер Челик: «Бул колдонмо бүткүл адамзаттын атынан жана жапайычылыкка каршы адамдык баалуулуктарды коргоо үчүн жасалды. Заманбап  нацисттердин ырайымсыздыгына каршы адамзаттын атынан жасалган күчтүү кадам», — деп баа берди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз