Кечээ, 3-июлда, Баткен районунун Аксай айылынын чыга беришинде жайгашкан газ куюу станциясында Тажикистандын жараны кыргызстандык станциянын ээсин ур-токмокко алган.
Коңшу өлкөнүн жараны газды Тажикистандын жарандарына сатпоону талап кылып, жинденип, аталган газ куюуу станциясынын ээси, 1964-жылыы туулган жаранга башына жаракат келтирген. Натыйжада алган жаракатынан улам Самаркандек айылындагы ооруканага жеткирилген. Ал эми ур-токмокко алган жаран Тажикистандын Исфара районун көздөй, белгисиз тарапка кетип калган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн кабарлашты.
Бул окуяга нааразы болгон Аксай айылынын жашоочулары Исфара-Ворух автожолун жаап салышкан.
Ушул эле күнү эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолгушуусу болду. Кырдаалды курчутпоо жана жөнгө салуу үчүн жергиликтүү жашоочулар менен түшүндүрүү иштери алынып барылды.
Ал эми бүгүн, 4-июлда, саат 14.00дө Исфара-Ворух автоунаа жолу ачылып, каттамдар калыбына келди.
Бүгүнкү күндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды КР Мамлекеттик чек ара кызматы көзөмөлдөп турат.