Париждеги Олимпиада оюндарында Айсулуу Тыныбекова коло медаль тагынды.
Тыныбекова үчүнчү орун үчүн мелдеште монголиялык спортчу Орхон Пуревдорж менен таймашты. Күрөш 6:6 эсебинде жыйынтыкалып, Айсулуу жеңишке татыды.
Белгилей кетсек, балбан Айсулуу Тыныбекова 62 кг чейинки салмакта 1/8 финалда нигериялык Эстер Колаволени, чейрек финалда америкалык Кайл Мираклды уткан.
Ал эми жарым финалда болсо, украиналык Ирина Коляденкого 9:3 эсебинде жеңилип калган эле.