Ишемби, 24-августта, Россия киносунун күнүнүн урматына IX «Кино түнү» акциясы өтөт. Бул тууралуу РФтин Маданият министрлиги маалымдады.
Акциянын алкагында аталган өлкөдөгү жана чет мамлекеттердеги жалпы 5000 аянтчада кинотасмаларды көрсөтүү пландалган.
Фильмдер Россиянын Кытай, Кыргызстан, Индия, Бразилия, Эфиопия, Египет, Казакстан, Беларусь, Өзбекстан, Азербайжан, Тажикстан, Армения, Молдова жана Түркмөнстандагы элчиликтеринде, маданий борборлорунда жана башка жайларында тартууланат.
Жыл сайын «Кино түнү» акциясы үчүн Россия кинематографиясындагы мыкты делген үч фильм тандалып алынат.