Вторник, 26 ноября

Кыргызстанда 7 айда 430 миңге жакын мал идентификациядан өттү

0

Жыл башынан бери республика боюнча 430 миңге жакын мал идентификациядан өтүп, Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасына каттоого алынды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына караганда, анын ичинен 413,8 миңи ири мүйүздүү мал, 5,1 миңи чочко жана 10,9 миңи жылкы.

Ошондой эле топтук идентификациялык номер ыйгаруу менен жаныбарларды идентификациялоо боюнча 55 үй канаттуулар чарбасы жана 145 үй канаттуулар фермасы, 1442 аары багуучу чарбада 99,7 миң бал челектер, 423 чарбада 1754 көлмөлөр идентификациядан өткөрүлүп, ЖИКС маалыматтык тутумуна киргизилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз