Понедельник, 25 ноября

Путин: НАТО Ливиянын мамлекетүүлүгүн талкалады

0

Мындай билдирүүнү россиялык лидер Италияга иш сапары учурунда жасады.

Ливиядагы мамлекетүүлүк НАТО блогунун аракеттеринин натыйжасында талкаланды. Бул тууралуу РФнын президенти Владимир Путин Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгына арналган Римдеги маалымат жыйынында айтты.  

«Баардыгы эмнеден башталгандыгын, Ливиянын мамлекетүүлүгүн ким талкалагандыгын эске салуу жаман болмок эмес. Натыйжа көзгө көрүнүп турат – Ливиянын мамлекетүүлүгү талкаланды», — деди Путин, түндүк африкалык өлкөдөгү кырдаалга түшүндүрмө берип жатып. 

Россиялык лидер Ливиянын аймагында азыркы учурда башаламандык жана ар кандай аскердик топтордун күрөшү орун алгандыгын белгиледи. 

Ливиялык улуттук армиянын генералы Хафтардын жоокерлери 4-апрелде Триполиге чабуул жасаган. Ага жооп иретинде Өкмөттүн улуттук жарашуу күчтөрү «Буркан аль-Гадабда» каршылык аракетин көргөн.

Триполинин айланасына жайгашкан Өкмөттүн күчтөрү менен айыгышкан салгылашуу улантылууда. 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз