Бүгүн Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагында сел каптаган айылдарда тазалоо иштерин жүргүзүүгө өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамыркановдун жетекчилигинде жалпы 370 адам, 63 инженердик техника жана 3 өрт өчүрүүчү унаа тартылды.
Ведомстводон маалымдашкандай, анын ичинен ӨКМден:
- 362 куткаруучу;
- 14 инженердик техника;
- 3 өрт очүрүүчү унаа.
Ал эми Жарандык коргонуу кызматтарынан:
- 8 адам;
- 49 инженердик техника жеринде иш алып барууда.
Эскерте кетсек, 18-августта аймакта катуу жаан жаап, анын кесепетинен сел жүргөн. ӨКМ 23-августка карата жалпы 314 турак жай сел калдыктарынан тазаланганын маалымдаган.