Воскресенье, 17 ноября

Эртең Баткенде Урмизан-3 көмүр кени ишке кирет

0

Эртең «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы Баткен районуна караштуу Кара-Бак айыл аймагында жайгашкан Урмизан-3 көмүр кенин ишке киргизет.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, көмүр кен 100% мамлекеттик үлүштө. Жалпы аянты 5 гектарга жетет. Ал эми инвестициялык долбоордун көлөмү 3 млн АКШ долларын түзөт. Көмүр кенде 26 жумушчу иштейт.

Белгиленгендей, «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы калкты күз-кыш мезгилине сапаттуу, арзан көмүр менен камсыздоо жана жогорку деңгээлдеги көмүр экспортуна жетишүү максатында тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз