Воскресенье, 24 ноября

Түрк  компаниясы Ташкекнтте 50 кабат үй салат

0

215 метрлик, 50 кабаттуу бийик имаратты түркиялык Özgüven компаниясы тарабынан ишке ашырылат.

Түркиялык курулуш компаниясы бүтүндөй Борбор Азиядагы бийик имарат болуп санала турган 215 метрлик үйдү салмакчы. 

50 кабаттуу курулуштун долбоорун түркиялык Özgüven компаниясы ишке ашырат. Долбоордун баасы 150 млн. долларга жакын. 

Учурда аймактагы эң бийик имарат болуп 201 метрлик Казакстандын борбору Нур-Султандагы үй саналат. 

 Ташкентте бул эң бийик имарат Murad Buildings өзбек компаниясынын каржылык колдоосу менен «Tashkent City» эл аралык борборунун аймагында курулмакчы. 

Курулуштун ачылышына катышкан Murad Buildingsтын жетекчиси Мурад Назаров долбоорду даярдоонун жүрүшүндө ондогон компаниялар менен, анын ичинде АКШ, Европа жана Азиянын курулуш компаниялары менен сүйлөшүүлөр болгон. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында подрядчик катары түркиялык Özgüven компаниясы тандалган. 

 Назаровдун айтуусунда, чокусу асман тиреген имарат 1,5 гектар аянтка курулмакчы. 

Özgüven компаниясынын башчысы Онур Озгювен долбоорду иштеп чыгуу төрт ай мурда башталгандыгын айтты. Учурда имараттын жерпайын бекемдөө иштери жүрүүдө.  

Долбоорду түзүүгө 500гө жакын адистер тартылып, алардын арасында Түркиянын алдыңкы университеттеринин бир канча профессорлору, инженерлер жана эксперттер бар.  

«Долбоордун негизги өзгөчөлүгү — имарат Борбор Азиядагы жана Өзбекстандагы эң бийик курулуш болмокчу. Архитектуралык көз караш менен алганда, имарат ошондой эле дүйнөдөгү эң оригиналдуу курулуш болот», — деди курулуш компаниясынын башчысы. 

Ал ошондой эле имараттын чатырына Өзбекстандын желеги орнотулары да сыймык экендигин белгиледи. 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз