Воскресенье, 24 ноября

Өзбекстан менен Тажикстан биргелешкен машыгууларды өткөрөт

0

Иш чара августтун ортосуна пландаштырылган. 

Тажик-өзбек аскердик машыгуулары августтун ортосунда эки өлкөнүн аймагында: Тажикстандын түндүгүндө жана Өзбекстандын Фергана өрөөнүндө өтө тургандыгын  CA-NEWS жазды.

Маалыматка ылайык, Тажикстан менен Өзбекстандын куралдуу күчтөрүнүн кезектеги биргелешкен машыгуулары эки этап менен өтөт. 

Биринчи этапта тоо шартында өз ара аракеттенүүнү иштеп чыгуу, ал эми экинчи этапта мындай өз ара аракет аралыктан жасалат. 

Машыгууда бронетехника, авиация жана  артиллерия колдонулат.

Өткөн жылдын 18-22-сентябрында Өзбекстандын аскерлери Тажикстандын тоо шартындагы шарттуу террордук топторду жок кылуу боюнча биргелешкен машыгууга катышкан.  

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз