Суббота, 21 сентября

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнө арналган салтанатта 502 бала ата-энесинен адашып калган

0
31-августта Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 33 жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанатта Бишкектеги “Ала-Тоо”аянтынан 502 бала ата-энесинен адашып калган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББ маалымдады.
Билдирмеге ылайык, балдардын баары табылып жакындарына кайтарылган.
Милиция майрамдык салтанатта аянтка 80 миңден ашык адам келгенин кошумчалады. Кечеде өзгөчө кылмыштуу окуялар катталган эмес, коомдук тартипти бузгандарга административдик чаралар көрүлгөн.
Эгемендүүлүк күнүндө борбор калаадагы тартипти 5000ден ашык милиция кызматкери көзөмөлгө алды.
Айта кетсек, кечээ Кыргызстан көз карандысыздыктын 33 жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын салтанаттуу белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз