Пятница, 20 сентября

Ошто жер титиреди

0

Ош облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтуна таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-сентябрда саат 12:45те Ош облусунда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жердин силкинүүсү Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз