Кыргызстанда 26-августтан 1-сентябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 22 миң 769 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 645;
- мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 259;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 72;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 522;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 672;
- авто ээнбаштык – 13;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 881;
- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 3;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 12 711;
Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 634 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.