Четверг, 19 сентября

Азия чемпионаты: Кыргызстандын дзюдо боюнча курамасы 10 медаль жеңди

0

 Кыргызстандын дзюдо боюнча өспүрүмдөр жана жаштар курама командасынын мүчөлөрү Азия чемпионатында 2 алтын , 8 коло медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спорттук иш-чара Түштүк Кореянын Мунген шаарында өттү.

Өспүрүмдөр арасында (U-17) Марсель Түмөнбаев (50 кг), Адис Орозмаматов (60 кг), Айдай Какитаева (57 кг) жана Азима Конокбаева (70 кг) коло медалга ээ болушту,

Жаштар арасында (U-20) Эржан Канатбеков (81 кг) жана Эмирхан Жолдошбеков (+100 кг) алтын медалга ээ болушту.

Алина Молдокулова (70 кг), Жанара Жолдошева (57 кг), Мырзайым Дүйшөнбекова жана Адина Көчкөнбекова (63 кг) 3-орунду ээлешти.

Курама команда улук машыктыруучулар Жаркынбек Шамбетов, Эрмек Сариев, Тимур Өмүрбеков жана Алибек Чороевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз