Вторник, 17 сентября

Бишкектин батыш тарабында 5-6-сентябрь күндөрү газ болбойт

0

Бишкектин батыш тарабында эки күн газ болбойт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» газ кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жер астындагы төмөн басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 5-6-сентябрь күндөрү Профсоюзная көчөсү, П.Лумумба көчөсү, Кубаныч көчөсү, Кайназарова көчөсү, Дэн Сяопин көчөсү, Месарош көчөсү, Ильменский тар көчөсү менен чектелген райондо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.

«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз