Вторник, 17 сентября

Дүйнө чемпионаты:Балбан Асан Жанышов алтын медаль утуп алды

0

 Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Асан Жанышов Испаниянын Понтеведра шаарында өтүп жаткан U-20 дүйнө чемпионатында алтын медаль утуп алды.

Балбан турнирге 87 кг чейинки салмак категориясында катышты. Ал алгачкы беттеште грузиялык Ачико Боквадзени 11:3, чейрек финалда швециялык Хамза Сертканлини 7:3, ал эми жарым финалда румыниялык Патрик Горданды 8:0 эсебинде жеңген.

Кыргыз балбаны алтын медаль үчүн күрөштө азербайжандык Жоджу Самадов менен кез келип, аны 8:0 эсебинде жеңип, алтын медалдын ээси болду.

Ал эми турнирге 130 кг чейинки салмак категориясында катышып жаткан кыргызстандык балбан Самаган Ормонов коло байгеге татыды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз