Вторник, 17 сентября

Түптүн эки айылында жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

0

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Михайловка жана Кең-Суу айылдарында 100 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Михайловка айылындагы бала бакчанын курулушу 2022-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланды. Имарат эки кабаттуу 947 чарчы метрди түзөт.

Ал эми Кең-Суу айылындагы 100 орундуу бала бакчанын курулушу 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланган. Объекттин жалпы аянты 946 чарчы метрди түзөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз