Воскресенье, 24 ноября

Түркия Швейцария менен БУУга нааразычылык нотасын жиберди 

0

Анкара РКК террорчуларынын Швейцариянын аймагына киргизилишине жана БУУ менен макулдашууга нааразычылык билдирди. 

Түркия Швейцариянын жана БУУнун женевалык кеңсесинин бийлигине расмий нааразычылык нотасын жиберди. 

Анкаранын нааразылыгы РКК террорчулар тобунун Швейцариянын аймагына кирүүсүнө уруксат берилүүсү жана БУУнун өкүлдөрү тарабынан ушул террордук уюмдун сириялык канатынын «Аракеттенүү планына» кол коюлгандыгынан улам жаралды.  

Документке кол коюу үчүн Женевага катарында РККнын өзгөчө коркунучтуу «Ферхат Абди Шахин» аттуу жоочусу болгон террорчулар тобу келишкен. 

Түркиянын БУУнун Женевадагы бөлүгүндөгү туруктуу өкүлчүлүгү бул чуулгандуу окуяга тескери баа берип, бул «Аракеттенүү планы» боюнча БУУга мүчө-өлкөлөргө кабар берилбегендигин баса белгиледи. 

Оозеки түрүндө билдирилген каршылыктан кийин Түркиянын өкүлчүлүгү БУУнун Женевадагы өкүлчүлүгүнө жана Швейцариянын бийлигине кат түрүндөгү да расмий нота жиберген. 

Ноталарга Интерполдун «кызыл циркуляры» боюнча террорчу   «Ферхат Абди Шахиндин»издөөгө алынгандыгы тууралуу документ тиркелген. 

Түркиянын туруктуу өкүлчүлүгү ошондой эле БУУнун Сирия боюнча расмий өкүлчүлүгүнүн кеңсе башчысы Гейра О.Педерсен менен да байланышып, ал мындай иш чарадан кабары жок экендигин билдирген. 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз