Бишкек шаарында бүгүн, 4-сентябрдан тарта троллейбустук каттамдын ордуна ушул эле номер менен жаңы №5 мунициалдык автобус каттай баштады.
Муниципалитеттен билдиришкендей, №5 автобустук каттам Жал кичи районунан Тунгуч кичи районуна (акыркы көзөмөл пункту) чейин каттайт.
Белгилеегендей, жолду оңдоо иштерине байланыштуу автобус убактылуу Медеров көчөсүн бойлой жүрөт.