Кыргызстан Палестинага элчи дайындоо мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов TRT World каналына берген маегинде айтты. Интервью 6-сентябрда жарыяланды.
«Азыркы дипломатиялык аракеттер жай жүрүп жаткандай сезилиши мүмкүн. Бирок биз чегинбейбиз. БУУда эл аралык аракеттерди талап кылууну улантып жатабыз, бирок азыркы дипломатия чектелүүдөй», — деген Байсалов Газадагы жагдай кейиштүү экенин кошумчалаган.