Четверг, 19 сентября

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды

0

Казакстандын борбору Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрда расмий ачылды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ачылыш аземине катышуу үчүн кошуна өлкөгө барды.

Оюндардын ачылышынын алдында Садыр Жапаровду Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды, чогуу сүрөткө түшкөндөн кийин өлкө лидерлери жана башка делегация башчылары оюндардын ачылыш аземи өтчү стадионго бет алышты.

Оюндардын ачылыш аземине Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов, Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов, Саха Республикасынын (Якутия) башчысы Айсен Николаев жана башкалар да катышты.

Салтанаттуу иш-чара Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуучу өлкөлөрдүн парады менен башталды.

Андан соң иш-чаранын конокторуна Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, көчмөндөрдүн тарыхы жана дүйнө таанымы тууралуу видеоролик жана театралдаштырылган шоу көрсөтүлдү. Оюндарга катышкан өлкөлөрдүн чыгармачыл жана бий топтору өнөрлөрүн тартуулашты.

Эске салсак, оюндар 8-13-сентябрь аралыгында Астанада өтөт. Иш-чарага дүйнөнүн 80ден ашуун өлкөсүнөн 3000ден ашуун спортчулары катышууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз