Суббота, 23 ноября

Израилде каршылык көрсөткөндөр Палестинаны колдошту

0

Өлкөдө эфиопиялык коомдун каршылык көрсөтүүсү улантылууда. 

Тель-Авивдеги Эфиопиянын репатрианттарынын каршылык көрсөтүү акциясында Палестинаны колдогон ураандар айтылды.  

Социалдык тармактарда тараган видеокадрда  манифестанттар “Жашасын Палестина!” жана “Эркин Палестина” деген ураандарды айтып кыйкырып жатышкандыгын көрүүгө болот. 

Кыска мезгилдеги бул видеону бир нече миң адам көргөн.

Израилде 19 жаштагы Эфиопиядан келген репатриант Соломон Такинин полиция тарабынан өлтүрүлүшүнө каршы расизмге каршы акциялар улантылууда. 

Кечээ күнү Тель-Авивдин борборунда каршылык көрсөткөндөр автотранспорт кыймылын токтотууга аракет кылышкан. Нетания шаарында митингчилер менен полиция кызматкерлеринин кагылышуусу болду.  

Каршылык акциясы  Кирьят-Ате, Кирьят-Хаиме жана Хайфеде да болуп өттү.

Израилде 140 миңден ашык Эфиопиядан келген репатрианттар жашайт.  1984-85-жылдары Израилге 80 миңге жакын эфиопиялык еврейлер көчүп келишкен.  

Израилдиктер узак убакыт боюу эфиопиялык коомдун өкүлдөрүн “өздөрүнүкү” деп эсептешкен эмес. 1975-жылы гана Израилдин башкы раввинаты Эфиопиядан келген  репатрианттарды еврей элине кошкон.  

Израил ММКсынын маалыматы боюнча, 1997-жылдан баштап полиция менен кагылышуудан 11 Эфиопиядан келгендер каза болушкан. 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз