Суббота, 23 ноября

БУУнун ККи Ливияда жарашууга чакырды

0

Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү мигранттарды кармоо борборуна болгон кол салууну айыпташты. 

БУУнун Коопсуздук кеңеши (КК) Ливиядагы баардык тирешкен тараптарга тез арада кырдаалды деэскалациялоо жана ок атууну токтотууга чакырган кайрылуу жасады. Бул тууралуу ККнин пресса үчүн билдирүүсүндө айтылган. 

«Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү 2-июлда Триполинин жакасындагы мигранттарды кармоо борборуна жасалып, натыйжада 56 адам каза тапкан жана 130у жаракат алган чабуулду айыптаган билдирүү жасады», — деп айтылат документте.

Билдирүүдө Ливиядагы туруктуу тынчтык жана бейпилдик саясый тил табышуу аркылуу гана орношу мүмкүн экендиги белгиленген. 

БУУнун Ливиядагы  Миссиясынын (UNSMIL) маалыматы боюнча,Триполинин четиндеги Таджура шаарчасындагы легалдуу эмес мигранттарды кармоо борборуна жасалган авиасоккудан 44 адам каза болуп, 130дан ашыгы жаракат алышкан.

БУУнун Ливияны калыбына келтирүү боюнча атайын өкүлү Гассан Саламенин билдирүүсү боюнча, авиааткылоону аскердик кылмыш катары бааласа болот.  

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз