Быйыл Кыргызстанда кант кызылчасынын түшүмү рекорддук деңгээлге жетүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга жагымдуу аба-ырайы, айыл чарбасындагы ресурстарды туура пайдалануу жана фермерлердин аракети өз жемишин берүүдө.
«Республикабыздын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында 2024-жылы республика боюнча 13,5 миң га аянттагы кант кызылчасынан жалпы – 900 миң тонна түшүм күтүлүүдө. Мунун ичинен 110 миң тоннага чейин кумшекер алынып, жалпы калкыбызга керектөөлүүчү 120 миң тонна кумшекердин 92 пайызы камсыздалат», — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Россия, Беларусь, Казакстан мамлекеттеринин базарларында кумшекердин баасынын төмөндөшүнөн республиканын аймагына коңшу мамлекеттерден кумшекерди импорттону токтотуу боюнча маселенин азырынча зарылчылыгы жок. Бирок, кант кызылча өстүргөн дыйкан-фермелерди, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо максатында келечекте аталган маселе боюнча кандайдыр бир көйгөй жарала турган болсо кумшекерди импорттону токтотуу боюнча министрлик тарабынан терең анализдер жүргүзүлүп, чечим кабыл алынат.