Пятница, 20 сентября

Бүгүн Төө-Ашууга кар жаады

0

Бүгүн, 18-сентябрда Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусуна кар жаады.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, №9 Жол эксплуатациялоо ишканасы тарабынан атайын техниканын жардамы менен жолду тазалоо, тайгакка каршы кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүргүзүлдү.

Учурда күн ачылууда. Каттам үчүн тоскоолдук жок. Жеринде нөөмөт бар. Алар атайын техника менен камсыздалган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз