Пятница, 20 сентября

Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды

0

Кыргызстандын аймагында 19-сентябрда саат 00:19да очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Тахталы тоолорунда, Көк-Бел айылынан 9 чакырым түштүк-чыгыш тарапта, Кетмен-Төбө айылынан 12 чакырым түштүк-батыш тарапта жайгашкан.

Жердин силкинүүсү Көк-Бел, Кетмен-Төбө айылдарында 3 баллга чейин сезилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз