Суббота, 21 сентября

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Нью-Йоркко жөнөп кетти

0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-сентябрда, АКШнын Нью-Йорк шаарына БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн жөнөп кетти.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Келечек Саммитинин ишине катышып, БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт.

Мындан тышкары, БУУнун Башкы Ассамблеясынын талааларында БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен, жана бир катар эки тараптуу жолугушуулар өтөт.

Расмий делегациянын курамындагылар:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бактыбек Аманбаев;

— президенттин администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Бакыт Сыдыков;

— Кыргызстандан Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз