Суббота, 21 сентября

Бүгүн Жалал-Абадда акын Барпы Алыкуловдун 140 жылдык мааракеси белгиленди

0

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында Кыргыз элинин белгилүү акыны Барпы Алыкуловдун 140 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара белгиленди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Саамалыкка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев, маданият жана коомчулук өкүлдөрү катышты.

Акылбек Жапаров Барпы Алыкуловдун 140 жылык мааракеси адабияттагы чоң майрам экенин белгиледи. Ал ошондой эле Барпы акындын жаратып кеткен эмгектери, алардын маани-мазмуну бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготпой келе жатканын айтты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы, акыркы жылдары облус аймагында жана Жалал-Абад шаарында социалдык-экономикалык, инфраструктуралык өсүүлөр орун алып жатканына токтолду. Ага катар алдыда ишке ашырылуучу ири долбоорлорду атап өттү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз