Вторник, 24 сентября

Новопавловка айылында жолдорду капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

0

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы шаар боюнча жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо иштерин улантууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда жол оңдоо иштери Деповская көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Новопавловка мектебине чейинки бөлүгүндө жүрүп жатат.

Жолдун эски асфальты сыйрылып, ирригация системасы жана тротуар бордюрлары орнотулду, ошондой эле тротуарга асфальт төшөө үчүн даярдыктар жүрүүдө.

Белгилей кетсек, административдик-аймактык реформага ылайык, Новопавловка айылы Бишкек шаарына кошулган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз