Вторник, 24 сентября

Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт

0

Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Чортеков жана Күйүкова көчөлөрүндөгү диаметри 200 мм, 150 мм, 80 мм, 200 мм суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу эртең, 25-сентябрда саат 10:00дөн 21:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектешкен аймакта суу болбойт:

Чатыркөл — Шералиев көчөсү — Күйүкова көчөсү — Чортеков көчөсү — Ахунбаева көчөсү — Муромская көчөсү Жазира көчөсү — Көпүрө-Базар көчөсү Ахунбаев көчөсү — Репин көчөсү.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз