Воскресенье, 29 сентября

Бишкекте Snow Leopard Run жарышынан улам кайсы көчөлөр жабылат?

0

29-сентябрь, жекшембиде Бишкекте Snow Leopard Run 2024 V эл аралык кайрымдуулук жарым марафону өтөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара Ала-Тоо аянтында 4500 адамдын катышуусунда башталат.

Жарыш 5 чакырым, 14 чакырым, 21,1 чакырым аралыктарды, ошондой эле 3 жаштан 13 жашка чейинки балдардын жарышын камтыйт.

Жарым марафондук маршрут борбордук көчөлөр аркылуу өтөт.

Буга байланыштуу эртең мененки саат 6:00дөн баштап көчөлөрдүн төмөнкү тилкелерин жабуу пландалууда:

— Чүй проспекти Манас проспектисинен Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейин;
— Абдрахманов көчөсү Чүй проспектисинен Иманалиев көчөсүнө чейин;
— Иманалиев көчөсү Ж.Абдрахманов көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейин;
— Масалиев көчөсү Ж.Абдрахманов көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейин.
— Ч.Айтматов проспектиси Иманалиев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.

Каттамдын боюна электрондук хронометраж системасынын пункттарын, ошондой эле катышуучулар үчүн тамак-аш пункттарын (жолдун бөлүгүндө) орнотуу зарылчылыгына байланыштуу эрте жабылат.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз