Воскресенье, 29 сентября

Ташкенттеги окуя боюнча Орусия үн катты

0

Өзбекстанда мектепте мугалим окуучуга кол көтөргөн окуяга Орусия кийлигишип, кылдат көз салып жатканын билдирди.  Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Өзбекстанда мугалимдин окуучусуна карата катаал мамилесин көрсөткөн видеого байланыштуу Москванын Ташкенттен билдирүү күтүп жатканын айтты.

ЖМКнын маалыматына караганда, окуучу мугалимден сабакты орус тилинде өтүүнү суранган жана мугалим ага агрессивдүү реакция жасаган.

Захарова: «Видеонун мазмуну балага карата олуттуу тынчсызданууну туудурат. Биз өзбек тараптан расмий билдирүүнү талап кылдык», «Жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгып жаткан материалдарда айтылгандарга укуктук баа берүүгө, эгер негиздүү болсо балага зомбулук көрсөткөн адамга тез арада чара көрүүгө» чакырганы

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү “достук өлкөлөр” менен мамиледе мындай учурларга орун берилбеши керектигин айтты. Захарованын айтымында, Орусия бул маселени кылдат байкайт.

Москва ошондой эле өзбек бийлигин “жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгып жаткан материалдарда айтылгандарга укуктук баа берүүгө, эгер негиздүү болсо балага зомбулук көрсөткөн адамга тез арада чара көрүүгө» чакырды.

Өзбекстандын балдар акыйкатчысы Сурайе Рахмонова бул маселе менен жеке өзү алектенгенин билдирди. Рахмонова 6-класстын окуучусу оор жаракат албагандыгын жана анын ден соолугуна коркунуч жок экенин кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз