Воскресенье, 29 сентября

Израиль Газада мектепти бомбалады

0

Израиль Газадагы мектепти бомбалап, 15 киши каза тапты.

Израиль Газанын түндүгүндөгү миңдеген палестиналык качкындар баш калкалаган мектепке абадан сокку урду.

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, кеминде 15 адам каза болуп, арасында аялдар жана балдар да болгон 22 адам жарадар болду.

Израиль армиясы Жабалия качкындар лагериндеги Аль Фалужа мектебине кол салганын ырастады.

Окуя болгон жерден тартылган кадрлардан шок абалда чогулган элди жана куткаруу топтору урандылардын астында калгандарды алып чыгып жатканын көрүүгө болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз