Суббота, 28 сентября

Баткенге шамал электр станциясын куруу пландалууда

0
 «Росатом» Баткен облусуна шамал электр станциясын курууну пландоодо. Бул тууралуу Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Дмитрий Константинов билдирди.Анын айтымында, станциянын кубаттуулугу 100 мегаватты түзөт.
«Бул Ысык-Көл облусундагы долбоордун документ иштерин аяктагандан кийин баштай турган № 2 долбоор болот. Баткен облусу алыста жайгашкандыктан Кыргызстандын приоритеттүү аймагы. Ал жакта шамал да катуу», — деген Константинов.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз