Воскресенье, 6 октября

Түркиянын экспорту 193 млрд долларга жетти

0

Түркиянын экспорту 193 миллиард долларга жетти.

Түркиянын соода министри Өмер Болат, сентябрь айынын тышкы соода көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Болат жылдын 9 айында экспорттун өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,2 пайызга өсүп 193 миллиард долларга, импорттун болсо 7,9 пайызга азайып 253 миллиард долларды түзгөнүн билдирди.

Министр Болат: «Тышкы соода таңсыктыгы жылдын 9 айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 31,5 пайызга азайып 87,7 миллиард доллардан 60,1 миллиард долларга кыскарды»,- деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз