Понедельник, 7 октября

Түркияда Палестинаны колдоо жүрүштөрү өттү

0

Палестинаны колдоо жүрүштөрү кечээ Түркиянын бардык аймактарында өттү.

Анадолу бейөкмөт уюмдар платформасынын алкагында түзүлгөн Палестина тилектештик платформаларынын уюштуруусу менен 60тан ашуун шаарда өткөн жүрүштөрдө Израилдин 7-октябрдан бери уланып жаткан кол салууларынан улам Палестинада болуп жаткан адамдык трагедияга көңүл бурулду.

Түркия жана Палестина мамлекеттеринин желектери менен Газаны колдогон плакаттар менен баннерлерди көтөргөн жүрүшкө түрдүү кесипкөй топтор да колдоо көрсөтүштү.

Стамбулдагы жөө жүрүштө «Израилге бойкот» деген ураандар чакырылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз