Израиль армиясы Ливандын борбор шаары Бейруттун Дахие районуна кайрадан абадан чабуул жасаганын жарыялады.
Бейруттун Дахие району дагы бир жолу израилдик абадан сокку урууга учурады.
Бомбалоодон кийин аймактан коюу түтүн көтөрүлгөн.
Ливандын жооптуу кызматкерлери абадан кол салуудан адам өмүрү кыйылганы боюнча азырынча эч кандай билдирүү жасай элек.
Израиль армиясынын билдирүүсүндө Дахиедеги «бутага» абадан чабуул жасалганы белгиленди.
Кол салуунун бутасы тууралуу кенен маалымат берилбеген билдирүүдө бомбалоо тууралуу маалыматтын кийинчерээк жарыялана турганы белгиленди.
Израиль армиясы абадан кол салууларында Ливандын түштүк жана чыгышын, ошондой эле борбор шаар Бейруттун «Хизбулланын чеби» деп сыпатталган Дахие аймагын тез-тез бутага алууда.
Хизбулланын баш катчысы Хасан Насралла менен Түштүк фронттун командири Али Караки 27-сентябрда Дахиеге жасалган аба соккуларында каза болушкан.