Вторник, 8 октября

«Тазалык» ишканасынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

0
 Бишкек шаарынын «Тазалык» ишканасынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ишканада 134,2 тонна күйүүчү-майлоочу май мыйзамсыз берилгени аныкталган. Келтирилген чыгым 7 миллион 179 миң сомду түздү.
«Ишкананын жооптуу кызмат адамдары 2022-2024-жылдарда мыйзамсыз буйруктарды чыгарып, ишкананын айрым кызматкерлери менен формалдуу келишимдерди түзүп, күйүүчү-майлоочу майды өздөрүнүн жана башка адамдардын жеке кызыкчылыгы үчүн колдонуп келишкен», — деп айтылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз