Вторник, 22 октября

Кыргызстан – Катар беттешин сингапурлук адис тейлейт

0

10-октябрь күнү орун ала турган Катар – Кыргызстан беттешинде калыстар бригадасын сингапурлук ФИФА калысы Мухаммад Бин Жахари жетектейт.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, беттеш Доханын «Аль-Тумама» стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 22:00до орун алат.

Башкы калыска каптал сызыктарда анын мекендештери — Абдул Бин Абдул Хасим жана Энди Минт Лант жардам беришет. Ал эми малайзиялык Сухаизи Бин Шукри резервдик арбитр болуп дайындалган.

VAR-системасында япониялык адис Ийда Жумпей иштеп, ага кытайлык Фу Минг жардам берет.

Белгилей кетсек, беттеш 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү раундунун алкагында өтмөкчү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз