Понедельник, 21 октября

Сот Махабат Тажибек кызын алты жылга кести

0

10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту “Айт, айт десе” жана Temirov Live долбоорлорунун, “Арча Медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 журналистине өкүм чыгарды.

Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренеси — “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” жана 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” беренеси күнөөлүү деп табылып, алты жылга эркинен ажыратылды.

Ушул эле беренелер менен айып тагылган “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековго беш жыл берилди.

Ал эми “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева да ушул эле айыптар боюнча күнөөлүү деп табылып, аларга үч жылдан пробациялык жаза берилди. Эки журналист сот залынан бошотулду.

Temirov Live редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбековдун аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде актоо чечими чыкты.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз