Понедельник, 21 октября

Адабият боюнча Нобель сыйлыгынын ээси белгилүү болду

0

2024-жылдагы Нобель адабият сыйлыгын «поэтикалык прозасы үчүн» Түштүк Кореялык жазуучу Хан Канг алды.

Швециянын Падышалык Илимдер академиясында өткөрүлгөн басма сөз жыйынында 2024-жылдагы Нобель адабият сыйлыгынын ээси жарыяланды.

Билдирүүгө ылайык, Түштүк Кореялык жазуучу Хан Канг «тарыхый травмаларга каршы турган жана адам жашоосунун морттугун ачып берген күчтүү поэтикалык прозасынан» улам бул сыйлыкка татыктуу болду.

2024-жылдагы Нобель адабият сыйлыгынын ээси болгон Хандын башка чыгармаларынын арасында «The Vegetarian», «The White Book», «Human Acts» жана «Greek Lessons» сыяктуу дүйнөгө белгилүү романдары бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз