Воскресенье, 20 октября

Израиль Иранга каршы «чоң чабуулга» даярданууда

0

Израилдин армиясы АКШ  өлкөгө баллистикалык ракеталарды тосуу үчүн колдонулган THAAD (Аянттык бийиктиктеги абадан коргонуу) системасын жайгаштырганын жарыялады.

Израиль армиясынын радио X эсебинде жасалган билдирүүдө, «АКШ Ирандын коркунучтарына каршы даярдануу үчүн Израилге THAAD абадан коргонуу системасын жайгаштырды»,-деп айтылган.

АКШ буга чейин 2019-жылдын март айында Израилде биргелешкен коргонуу машыгууларынын алкагында THAAD системасын убактылуу жайгаштырган.

Жаңы жайгаштыруу туруктуу болобу жана система Израилдин коргонуу тармагына интеграцияланабы же жокпу азырынча белгисиз.

Учурдагы жайгаштыруу Израилдин Иранга каршы «чоң чабуулга» даярдыгынын бир бөлүгү катары каралууда.

Иран 1-октябрда Израилге ракеталык чабуул жасаган.

Тель-Авив администрациясы бул кол салууга Иран жооп берерин жарыялаган болчу.

Учурда Израилде үч абадан коргонуу системасы бар: алыс аралыкка учуучу Arrow, орто аралыкка учуучу «Дэвиддин салмоору» жана кыска аралыкка учуучу «Темир Купол» бирок бул системалар Ирандын акыркы жооп чабуулунда көптөгөн ракеталарды токтотууга жетишсиз болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз