Суббота, 19 октября

Хизбулла Израилге чабуул жасады (Видео)

0

Израилдин Хайфа шаарынын түштүгүндөгү аскердик базага Хизбулланын учкучсуз учуучу аппарат менен чабуул коюсунан 4 израилдик аскер каза болуп, 67 киши жараланды.

Хизбулла тарабынан жасалган билдирүүдө, Газадагы Палестина элинин каршылык көрсөтүүсү менен тилектештик, Ливанды жана анын элин коргоо, Бейруттун Баста жана Нувейри кварталдарына жасалган чабуулдарга жооп катары Хайфа шаарынын түштүгүндөгү Биньямина аймагындагы Израиль армиясынын Глолани бригадасынын машыгуу базасына учкучсуз учуучу аппарат флоту чабуул жасалганы белгиленди. Билдирүүдө Хизбулланын «өлкөсүн жана элин» коргоого даяр экени жана «душманды сестентүү милдетинен качпай турганы» белгиленди.

Израиль армиясы кол салууда 4 аскердин каза болгонун билдирсе, «Маарив» гезитинин маалыматына караганда төртөө оор, 67 киши жараланды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз