Суббота, 19 октября

Кыргызстан Орусияны ээрчийби? Президенттин жообу

0

Айрым ЖМКларда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун орусиялык журналистке берген маеги жарыяланды. Анда батыш өлкөлөрү менен Орусиянын ортосундагы мамиле, анын Кыргызстанга тийгизген таасири тууралуу сөз болгон. “Кабар” агенттиги буга байланыштуу өлкө башчысына суроолорун узатып, жооп алды.

— Саламатсызбы. Жакында эле “Россия-1” телеканалынын журналисти Павел Зарубин сиздин маекти жарыялап, аны бир катар ЖМКлар басып чыгарышты. Кеп, батыш өлкөлөрү Кыргызстанды Орусия жана КМШ өлкөлөрү менен кызматташпагыла деп көрсөтмө бербеши керек деген пикириңиз тууралуу. Ушул боюнча кененирээк айтып берсеңиз? Орусия же КМШ менен кызматташпоо тууралуу өтүнүчтөр болуп келеби? Аталган өлкөлөр менен кызматташпай коюу мүмкүнбү?

— Ашхабаддагы форумда мага россиялык журналисттер күтүүсүздөн эле ушундай суроо берип кайрылып калышты. Мен даяр эмес элем бирок так жооп бергенге аракет кылдым.

Сиз суроо бергенден кийин дагы бир жолу толук жооп бергенге аракет кылайын.

Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш башталгандан бери батыш өлкөлөрү Орусияны жектеп келишет. Албетте, Орусия менен кызматташпагыла деген батыш өлкөлөрү бар. Бирок мен аларга дайыма чын жүрөгүмдөн ачык жооп берип келем: «Орусия менен биз кызматташпай коё албайбыз. Биздин ортобуздагы товар жүгүртүү 4 млрд доллардан ашат. Биз Орусиядан нефть, газ, буудай жана башка тамак-аштарды сатып алабыз. Географиялык жактан алганда биз туюк өлкөдө жашайбыз. Биздин дүйнөгө чыга турган авто жана темир жолубуз да Орусия аркылуу. Орусияда бир миллионго жакын мигранттарыбыз бар. Анан кантип биз Орусия менен иштешпей коё алабыз. Силер өзүңөр, Евробиримдиктеги өлкөлөрдүн айрымдары, санкцияга карабай эле Орусия менен иштешип жатасыңар го. Орусия менен болгон соода-сатыгыңар жылына 6 миллиард долларга чыгып жатпайбы. Анан өзүңөргө керек болгондо Орусия менен жакшынакай эле кызматташасыңар дагы, бизге келгенде эле иштешпегиле дейсиңер. Силердин бул талабыңар адилетсиз» деп ачык эле айтып жатам.

Мен бийликке келген 4 жылдан бери тышкы саясатта көп векторлуу саясат жүргүзүп келем. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен эки тараптуу кызыкчылыкта бирдей жана тең ата кызматташып жатабыз. Керек болсо кечээ жакында эле Евросоюз менен дагы кызматташууга кол коюп келдик. КМШ өлкөлөрүнүн башка мүчөлөрү менен дагы тыгыз кызматташып жатабыз. КМШ өлкөлөрүнүн айрым мүчөлөрү менен товар алмашуубуздун көлөмү акыркы 4 жылда 7 эсеге өстү.

Географиялык жактан алганда дагы КМШ өлкөлөрү менен жакын жайгашканбыз. Алар менен күнүмдүк турмуш-тиричилигибиз тыгыз чырмалышкан десек болот. Кандайдыр бир маселелерде бири бирибизге көз карандыбыз. Ошондуктан алар менен кызматташпай коюшубуз мүмкүн эмес.

— Орусия менен кызматташпоо өтүнүчү бул мамлекетке батыш өлкөлөрү тарабынан киргизилген санкциялардан улам болуп жатабы же Кыргызстан санкцияларды кыйгап өтүүгө кол кабыш кылууда деген шек саноолор болуп жатабы?

— Албетте биз Бириккен Улуттар Уюмунун бир мүчөсү катары Орусияга кирген санкциялык товарлар менен иштешкен жокпуз. Ошондуктан бул маселе боюнча бизге эч кандай доомат коё алышпайт.

Шек саноолору жок. Болушу да мүмкүн эмес. Жөн гана Орусияга болгон жек көрүүлөрү болсо керек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз