Понедельник, 21 октября

ӨКМдин Токой кызматы тарабынан бир гектар жерге 1000 көчөт отургузулду

0

Күн мурун Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы тарабынан бир гектар жерге 1000 көчөт отургузулду.

Ведомстводон маалымдашкандай, көчөттөр Бишкек токой чарбасынын карамагындагы «Манас» эл аралык аба майданына жакын жайгашкан аймакка отургузулду.

WELCOME TO FOREST’ WAY аталышындагы экологиялык акцияны өткөрүү Кыргызстандын Токой кызматынын Кореянын Азия токой кызматташтыгы уюму (AfoCO) жана T’way Air авиакомпаниясы менен биргелешкен демилгеси болуп саналат.

Саамалык президент Садыр Жапаровдун жаратылышты коргоого жана өлкөнүн токой ресурстарын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясынын алкагында уюштурулуп, экологиялык абалды жакшыртуу, климаттын өзгөрүшүнө туруштук берүү, көмүртектин көлөмүн азайтуу жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо максатын көздөйт.

Иш-чарага ӨКМдин Токой кызматынын директору Мураталы Тагаев, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Кванджэ, AfoCO жана T’way Air авиакомпаниясынын өкүлдөрү, Бишкек токой чарбасынын кызматкерлери жана ыктыярчылар катышты.

Жалпы 1 гектар аянтка 1000 көчөт, анын ичинен 800 каражыгач, 100 арча, 100 карагай отургузулду.

Белгилей кетсек Азия токой кызматташтык уюму (AFOCO) – токойлорду кыюу жана токойлорду сактоо маселелерин чечүүгө багытталган токой тармагындагы кызматташуунун аймактык механизми.

Учурда 14 өлкө AFoCO`нун катышуучулары катары расмий катталган. Кыргызстан менен аталган уюмдун ортосундагы кызматташуу боюнча макулдашууга 2022- жылдын 1-августунда кол коюлган.

Анын алкагында AFoCO Кыргызстандын Токой кызматынын Фрунзе токой чарбасынын аймагында эл аралык стандарттарга ылайык заманбап үрөн сактоочу жайды куруу жана токой чарба ишканаларында туруктуу токой үрөн участокторун түзүүдө колдоо көрсөтүү каралган.

Кызматташтыктын экинчи этабында бардык техникалык талаптарга ылайык курулган жайда сакталып, өстүрүлгөн үрөндөрдүн көчөттөрүн отургузуу долбоорлорун ишке ашыруу пландаштырылууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз