Воскресенье, 24 ноября

Үч-Коргон ГЭСинин гидроагрегатын реконструкциялоо 65 пайызга аяктады

0

Үч-Коргон ГЭСинин төртүнчү гидроагрегатын реконструкциялоо иштеринин 65 пайызы бүттү.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, Үч-Коргон ГЭСи салынып ишке киргенден бери модернизациялоо иштери ГЭСте биринчи жолу жүрүп жатат.

ГЭСтин кубаттуулугун жогорулатуу менен бирге иштөө мөөнөтүн узартуу үчүн модернизациялоо долбоору ишке ашырылууда.

«Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо» долбоорунун алкагында демонтаждоо иштери толугу менен бүтүп, бүгүнкү күндө монтаждоо иштери жасалууда.

Энергетиктер калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине чейин Үч-Коргон ГЭСинин реконструкцияга берилген гидроагрегатын толук бүткөрүүнү мерчемдөөдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз