Воскресенье, 24 ноября

Кыргызстанга ыйык Медина мечитинин имамы келди

0

Бүгүн ыйык Медина мечитинин имамы Шейх Салах бин Мухаммад Аль-Будейрди Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Имамды «Манас» аэропортунан азирети муфтий Абдулазиз кары Закиров жана Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради тосуп алышты.

Салтанаттуу саамалыкка азирети муфтийдин орун басарлары жана башкармалыктын жетекчилик курамы катышты.

«Эки ыйык мечиттин имамы» аттуу атактуу наамга ээ имам шейх Салах бин Мухаммад Аль-Будейрдин программасы төмөнкүчө. Программа:

24-октябрь

18:20 Бишкек шаарындагы Кимсанбай ажы атындагы (эски борбордук) мечитинде шам намазын окуйт.

19:50- 20:30 Бишкек шаарындагы Махмуд Кашгари мечитинде куптан намазын окуйт.

25-октябрь

12.00 – 14.00 Бишкек шаарынын башкы борбордук имам Сарахсий мечитинде жума намазын окуйт.

18:20- 19:00 Бишкек шаарындагы «7 апрель шейиттер» мечитинде шам намазын окуйт.

19:50 – 20:30 Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы «Сатук Буурахан» мечитинде куптан намазын окуйт.

26-октябрь

18:20- 19:00 Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичи районундагы Аблиз ажы Салимов мечитинде Куптан намазын окуйт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз