Воскресенье, 24 ноября

Түрк учактары Сирия жана Ирактагы террористтерди бомбалады

0

Түркиянын Улуттук чалгындоо уюму (MİT) Сирия жана Ирактын түндүгүндөгү жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын буталарын жок кылды.

Кечээ Түрк авиация жана космостук мекемесинин (TUSAŞ) Кахраманказан районундагы кампусуна жасалган террордук кол салуудан кийин МИТ Сирия жана Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюмга каршы операцияларды жүргүздү.

Операциялар учурунда уюмдун энергетика-инфраструктура имараты, логистика жана ок-дары кампасы сыяктуу көптөгөн стратегиялык пункттар бутага алынды.

МИТтин жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга каршы операцияларын максатка жеткенге чейин уланта турганы баса белгиленди.

Бир тараптан Улуттук Коргоо министрлиги (УКМ) Ирак жана Сириянын түндүгүндө абадан жүргүзүлгөн операциясында 32 террорист бутасынын жок кылынгандыгын жана көп сандаган террористтин жол кылынганын жарыялады.

Министрликтин билдирүүсүндө, ПКК/КЖК жана башка террордук элементтерди таасирсиз кылуу менен коомчулукка жана коопсуздук күчтөрүнө карата жасалган террордук кол салууларды жок кылуу жана чек ара коопсуздугун камсыз кылуу максатында Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын 51-беренесинен келип чыккан өзүн-өзү коргоо укугуна ылайык, Ирак менен Сириянын түндүгүндөгү террордук буталарга 23-октябрда абадан операция жүргүзүлгөнү айтылды.

Билдирүүдө террористтерге таандык 32 бутанын ийгиликтүү жок кылынганы жана абадан операциялардын чечкиндүү уланганы белгиленди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз