Түндүк Кореянын аскердик бөлүктөрүнүн Орусиянын Курск аймагына жайгаштырылганы айтылууда.
Украинанын Коргоо министрлигинин Чалгындоо башкы башкармалыгынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Орусияда машыгуудан өткөн алгачкы Түндүк Корея аскердик бөлүктөрүнүн Украинага каршы согушка кошулганы маалымдалды.
Алгачкы Түндүк Корея бөлүктөрүнүн Орусиянын Курск аймагында көрүнгөнү кабарланган билдирүүдө төмөнкү сөздөр колдонулду:
«Чыгыш Орусиянын машыгуу аянттарында даярдалган Түндүк Кореянын алгачкы аскердик бөлүктөрү Орусия-Украина согушунун согуш аймагына жетти. Алардын өзгөчө 2024-жылдын 23-октябрында Орусия Федерациясынын Курск аймагында пайда болгону байкалды».
Украинанын чалгындоо кызматкерлеринин айтымында, Түндүк Кореядан Орусияга болжол менен 12 миң аскер жөнөтүлгөнү, алардын арасында 500 офицер жана үч генералдын бар экени маалымдалды.
Билдирүүдө «Аскерлер ок-дары, төшөк, кышкы кийим жана бут кийим менен катар гигиена каражаттары менен да камсыздалууда» деген сөздөр орун алды.