Өзбекстанда жаңы конституция кабыл алынгандан кийин 20 миллионго жакын катталган шайлоочунун катышуусу менен биринчи парламенттик шайлоо өткөрүлөт.
Бул шайлоодо Мыйзам чыгаруу парламентинин 150 орундугу үчүн 875 талапкер ат салышат жана шайлоо мажоритардык жана пропорционалдык өкүлчүлүк системасы боюнча өткөрүлөт.
Талапкерлердин көпчүлүгү университеттин бүтүрүүчүлөрү болуп, жалпысынан 391 аял талапкер бар. Шайлоочулар жалпы өлкөдө 10 миң 717 үкөктө добуш берет.
Эл аралык байкоочулар катыша турган шайлоодо эң көп добуш алган партия премьер-министрди шайлоо укугуна ээ болот.
Бул жаңы система мурдагы мажоритардык шайлоо системасынын ордуна өтөт жана партиялардын дагы кенен өкүл чыгарышына мүмкүнчүлүк түзөт.
Шайлоонун жыйынтыгы мурдагы парламенттик бөлүштүрүүгө салыштырмалуу саясий ландшафтта олуттуу өзгөрүүлөргө алып келиши мүмкүн.